Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” айтымында, Кара-Сууда шайлоо учурунда ок чыгарып, бычак сайган эки адам тең кармалды. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери боюнча (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) кылмыш иши козголду. Тергөөнү Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө. Абдраимовдун айтымында, Кара-Сууда абал туруктуу.
18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда Социал-демократтар жана "Өнүгүү" партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Андан эки адам жараат алып, ооруканага жаткырылды. Чыр добуш берүү жүрүшүндө чыкканы айтылууда. (КЕ)