Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Нарын: 15 жаранды Казакстанга мыйзамсыз жиберүү боюнча кылмыш иши козголду


Нарын райондук прокуратурасы нарындык 15 жаранды Казакстандын Тараз шаарына мыйзамсыз жибергендиги үчүн кылмыш ишин козгоду. Райондук прокуратурадан “Азаттыкка” билдиришкендей, алар Тараз шаарында бир ай акы албай иштеген. Бул окуяга облустук милициянын тиешеси бар экени айтылууда. Учурда тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Адам сатууга каршы иш алып барган бир нече уюмдар кулчулукка кабылгандардын 40 пайызын аялдар түзөөрүн айтып чыккан. Миграция кызматы эркектер көбүнесе Казакстан менен Орусияда эмгек кулчулугуна кабылышаарын аныкташкан. Адистер айылдаш, жердеш же жакын тууганынын айынан ушундай абалга кабылгандар да көбөйгөнүн белгилешет. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG