Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Египетке жардамды кыскартуу талкууланып жатат


Мухаммад Бади камалгандан кийин. 20-август, 2013
Мухаммад Бади камалгандан кийин. 20-август, 2013
Бүгүн Брюсселде Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери Египеттеги кризисти талкуулап жатышат. Алар бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин жактоочуларынын нааразылыгын күч менен баскан аскерий жетекчиликке каржылык колдоону кыскартуу-кыскартпоону талкуулашууда.

Еврошаркет – Египеттин эң чоң соода өнөктөшү, былтыр Каирге кредит жана каржылык колдоо катары жалпысынан 5 миллиардга жакын акча берген. Мындан сырткары, европалык министрлер Египетке курал сатууга санкция киргизүү маселесин да карап жатышат.

Вашингтондо болсо президент Барак Обама жылына Египетке берилчү 1,5 млрд. долларды кыскартуу мүмкүнчүлүктөрүн кечээ өзүнүн улуттук коопсуздук боюнча командасы менен талкуулаган.

АКШ, мындан сырткары, Египетте “элди зомбулукка үндөгөн” деген айып менен “Мусулман агайындар” кыймылынын лидери Мухаммад Бадинин камалышын сындады. Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест: "Египеттин утурумдук өкмөтү демократиялык жол менен шайланган жарандык өкмөткө кайтууга убада берген. Бирок өткөн апта бою жана ушул аптанын биринчи күндөрүндө алар жасаган зомбулук бул убадага такыр туура келбеген иш болду", - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG