Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Баткен: тажик чек арачылары кармап кеткен үч окуучу бошотулду


Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, Исфарадагы окуядан кийин тажик чек арачылары чек ара аймагына жакын жерде жүргөн Самаркандек айылынын 11-класста окуган үч окуучусун кармап кетишкен. Алар бул окуучуларды Исфарадагы окуяга тиешеси болушу мүмкүн деп шектенишкен. Кечээ түнү кыргыз милицияларынын кийлигишип, сүйлөшүүлөрүнөн кийин окуучулардын окуяга байланышы жоктугу аныкталып, бошотулган. Алар ата-энелерине кайтарылды.

Бүгүн окуяны иликтеген эки тарап жыйын өткөрүп, кызматташуу жолдору талкууланды. Анда бир үй-бүлөнү атып кеткен кылмышкерлер кайсы өлкөгө, кайсы улутка таандык экенине карабай кармалып, жазаланышы керектиги айтылды.

Кечээ таңкы саат төрттө Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылдык кеңешинде белгисиз топ Абдукахор Халлоков аттуу тургундун үй-бүлөсүн атып кеткен.(AzK/JsA)

XS
SM
MD
LG