Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Аба ырайы: чукул эскертүү


25-августта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштын соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 30...32 градус болот.

XS
SM
MD
LG