Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

БУУ инспекторлору химиялык курал колдонулду делген жерге баратышат


Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору ушул тапта Сириянын борбору Дамаскка жакын, химиялык курал колдонулушу ыктымал делген аймакка бет алышты. Инспекторлордун айтымында, алар козголоңчулар көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута деген жерге барышат.

Бүгүн Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг эгерде химиялык курал колдонулганы чын болсо, эл аралык коомчулук БУУнун Коопсуздук кеңешин күтпөй эле чара көрөрүн жарыялады.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус азырынча Дамаскка каршы аскердик күчтүн колдонулушу же колдонулбашы боюнча чечим кабыл алына электигин билдирди.

Түркия БУУнун макулдугусуз эле Башар Асаддын режимине каршы коалицияга кирүүгө даяр экендигин айтты.

Башар Асад өзү химиялык куралды колдонуу боюнча айыптоолордун саясий себеби бар экенин бүгүн “Известия” гезитине берген маегинде билдирди. (AiK)

XS
SM
MD
LG