Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Сирия: Орусия АКШны "чабуулдан оолак болууга" үндөдү


АКШнын мамкатчысы Жон Керри (оңдо) менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (солдо) Вашингтондогу жолугушууда, 9-август, 2013
АКШнын мамкатчысы Жон Керри (оңдо) менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (солдо) Вашингтондогу жолугушууда, 9-август, 2013

Орусия Сирияда президент Башар ал-Асаддын режимине каршы куралдуу чабуул “өтө оор кесепеттерге” алып келет деп АКШга эскертүү жасады.

Бүгүн Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө министр Сергей Лавров Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы менен телефондон сүйлөшкөнү айтылат. Лавров анда айрым америкалык расмий өкүлдөр Сирияга аскерий чабуул жасаганга даярдык тууралуу сүйлөп жатышканы Орусияны “терең кыжаалатка” салганын белгилеген.

21-августта баш калаа Дамаскинин айланасында өкмөттүк аскерлер газ чабуулун колдонуп, жүздөгөн адамды кырган деп айыпталган. Ошол окуя болгон жерлерди бүгүн Бириккен улуттар уюмунун эксперттери барып көрүшмөк. Кечээ Сирия аларга уруксат берген.

Ошол эле маалда Ак Үйдүн расмий өкүлү бул келишим чындыкты аныктоого “бир топ эле кечиккен чечим” болуп калды деп, Кошмо Штаттарында химиялык куралды Асаддын күчтөрү колдонушканынан “дээрлик күмөнү жок” деди.

Орусия газ чабуулу жөнүндөгү окуя козголоңчулардын “провокациясы” болушу да ажеп эмес деген ойду билдирген.

Президент Башар ал-Асад өзү айыптоолордун баарын “саясий каралоо” деп билет. Орусиядагы “Известия” басылмасынын дүйшөмбүдөгү санына жарыяланган интервьюсунда Асад азыр аны күнөөлөп жаткандардын аракетин “акылга сыйбайт” деп билдирди.

Өкмөттүк эмес активисттер менен “Чек арасыз дарыгерлер” уюму өткөн шаршембиде адамдын нерв системасын шалдыратып, иштен чыгара турган курал колдонулган жерде 300дөн ашуун киши өлгөнүн кабарлап жатышат.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүнкү билдирүүсүндө “Уюмдун эксперттери окуя болгон жерди иликтеп, чындыкты аныкташы бардык тараптардын кызыкчылыгындагы нерсе” экенине басым жасады.

"Эксперттердин ийгиликке жетиши Сириядагы бардык тараптардын жана бүт тынчсызданып жаткан мамлекеттердин кызыкчылыгындагы иш болот. Ал Дамаскинин айланасындагы соңку окуяларга жооп берип эле калбастан, химиялык куралдын мындан ары да колдонулушунун алдын алууга таасир этет. Биз өзүбүздүн мүчө мамлекеттердин чакырыктарын аткарып, өзүбүздүн мандаттан пайдалануу менен жоопсуз калган олуттуу суроолорго чекит коебуз деген ниетибизден кайтпайбыз", - деди баш катчы.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус: “Батыш өлкөлөрү буга кандай жооп кайтарууну жакынкы күндөрү чечет”, - деди.

Бүгүн француз радиосуна сүйлөгөн министр Сирияга сырттан чабуул коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу: "Бул – дагы бир оор проблема. Эл аралык мыйзамдар Улуттар уюму тарабынан аныкталган. Ошол эле маалда, Коопсуздук кеңешиндеги айрым мамлекеттер – Кытай менен Орусия – аскерий кийлигишүүгө каршы добуш беришкен жана мындан ары да буга тоскоолдук кылышы мүмкүн", - деди.

Муну менен ал “сырттан Сирияга кандай гана чабуул болбосун, ал Коопсуздук кеңешинин толук колдоосу болгондо гана жасалышы мүмкүн экенин” билдирди.

"Айрым учурларда биз аны айланып өтүшүбүз мүмкүн, бирок эл аралык мыйзамдар баары бир иштейт", - деди француз тышкы иштер министри.

Лоран Фабиустун айтымында, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде бул боюнча мунаса табылбаган күндө деле Сирияга каршы эл аралык коалицияга Түркия кошулат.

Ал арада Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы бүгүн “Миллиет” гезитине сүйлөп, учурда “36 же 37 мамлекет альтернативдүү жолдорду талкуулап жатышканын” айгинеледи.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG