Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Биометриялык паспорттун долбоору даярдалды


Кыргызстанда биометриялык паспортту даярдоонун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев кабарлады. Төраганын айтымында, аталган негиздемени атайын комиссия жактырып, өкмөттүн кароосуна жиберди. Эгер өкмөт бул негиздемени бекитсе, ага ылайык, биометриялык паспорт даярдоо үчүн атайын тендер өтөт. Анда паспортту даярдай турган ишкана тандалат жана кийинки жылдан тарта мындай документ жарандарга бериле баштайт.

Электрондук-биометриялык паспорт - адамдын өздүгүн тастыктоочу документ. Ага чип орнотулат, анын ичине биографиялык маалымат менен кошо 3Д форматтагы санарип сүрөтү киргизилет. Аны банк карточкасы жана башка максаттарда да колдонсо болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG