БУУнун инспекторлору Дамаскта иликтөө иштерин улантышууда. Кечээ текшерүүчүлөрдүн бир машинеси снайперлердин аткылоосуна туш болгонуна карабай, алар химиялык чабуулга кабылды делген бир жерде материалдарды чогултушту.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри химиялык чабуулду “моралдык ыпластык” деп атады. Жүздөгөн кишинин өмүрүн алып кеткен ал соккуну ишке ашыргандар жоопко тартылыш керек, - деди Керри.
Анын айтымында, жакын арада Кошмо Штаттары чабуулга тиешелүү кошумча маалыматтарды шардана кылат. Орусия Башар Асаддын режимине каршы күч колдонуу “апаатка” алып келээрин айтып, Вашингтонду “этият” болууга үндөдү.