Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Ыраакы Чыгышта суунун деңгээли рекорддук чекке жетти


Орусиянын Хабаровск шаарынын жанында суунун деңгээли рекорддук 736 сантиметрге көтөрүлдү. Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматына караганда, катуу жаандан улам башталган сел жана суу ташкыны сентябрдын ортосуна чейин жүрүшү ыктымал.

Президенттин Ыраакы Чыгыштагы өкүлү Виктор Ишаев жаратылыш кырсыгынан 100 миңдей киши зыян тартканын билдирди. Амур облусунун 3 районунда, Еврей автономиялуу облусунда, Якутия жана Хабаров крайында 190 айыл-кыштакта 10 миңге жакын турак жайды суу каптады.

Материалдык зыян 30 миллиард рублдан ашышы мүмкүн.

Аймакта суу дамбаларын бекемдөө жана эвакуацияга даярдык иштери жүрүүдө.
Мындай ташкын Орусияда 120 жылдан бери боло элек эле.

XS
SM
MD
LG