Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 22:33

Иракта “ал-Каида” менен күрөшкөн жоокерди үй-бүлөсү менен кошо атып кетишти


Багдад полициясынан билдиришкендей, бүгүн белгисиз куралчандар бир жоокерди, анын жубайын жана үч перзентин атып кетишкен.

Кечээ болсо “ал-Каида” террор тобуна каршы күрөшкөн сунни тайпаларынын таасирдүү лидери кол салуудан аман калган эле. Багдаддагы жанкечтинин чабуулунда Висам ал-Хардандын үйүн коргогон беш киши набыт болгон, дагы төртөө жаракат алган. Харданды жакында эле премьер-министр Нури ал-Малики сунни урууларынын согушкерлеринин тобун жетектөөгө дайындаган болчу.

XS
SM
MD
LG