Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:05

Баткен: Бир үй-бүлөнүн өлүмүнө шектүү дагы бир жаран кармалды


Баткен районунун Кара-Булак айылындагы бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүнүн өлүмүнө шектүү дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбеков билдирди.

Сентябрдын 5инен 6сына караган түнү Кара-Булак айылында Эралиевдердин үйүнө бирөөлөр кирип, 4 кишини башка атып, бирөөсүн жарадар кылып кеткен. Милициянын божомолунда, алар тоноо максатында кирген. Бул кылмышка шектүүлөрдүн бири, ошол эле Кара-Булак айылынын 22 жаштагы тургуну 7-сентябрда кармалган болчу. Ал милицияга көрсөтмө берип, кылмышты Баткен шаарынын 20 жаштагы тургуну менен бирге жасаганын айтып берген. Ошол көрсөтмөнүн негизинде 8-сентябрда экинчи шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды.

Кылмышка шектүүлөрдөн 54 чөнтөк телефон жана 164 миң сом акча далил буюм катары алынган. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG