Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Бишкекте коомдук тартипти бузган эки адам кармалды


Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде Бишкектин чектөө киргизилген борбордук көчөлөрүнөн коомдук тартипти бузган эки адам кармалды. Алар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө баш ийбей, кол көтөргөн. Бул адамдарга Кылмыш кодексининин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, алар шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камалды.

ИИМдин маалыматы боюнча, Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата борбордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коомдук тартипке 3 миңден ашык милиция кызматкери көз салууда. Андан сырткары резервде 2 миң кызматкер турат. Күчөлтүлгөн тартип 14-сентябрга чейин уланмакчы. Бул күндөрү “Манас" аэропортунан баштап Бишкек шаарына чейинки жол, №1 мамлекеттик резиденцияга кетчү Манас проспектиси, Чүй, Жибек Жолу, Абдрахманов, Ахунбаев жана башка көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG