Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

АКШ менен Орусия Сириянын химиялык куралы боюнча планды макулдашты


Бул тууралуу Женевадагы үч күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиришти.

Алардын айтымында, Сирия эми өзүнүн химиялык куралынын толук тизмесин бир аптанын ичинде бериши керек. Мамлекеттик катчы Жон Керри Женевадагы басма сөз жыйында сүйлөп жатып:

- АКШ жана Орусия Сириянын химиялык куралын эң жакынкы убакта жана коопсуз ыкма менен жок кылууну көздөйт. Биз Сирия толук тизмени 30 күндө эмес, бир аптада берүүсү керектигин макулдаштык. Мунун кошумча деталдары жакынкы аралыкта каралат. Биз ошондой эле Сириянын химиялык куралын кылдат текшерүү жана жакын арада жок кылуу үчүн Химиялык курал боюнча конвенциянын алкагындагы кошумча процедураларды колдонууга милдеттеме алдык.

АКШ жана Орусия жетишкен макулдашуу Сирия эмнелерди аткаруусу керектигин жана алардын мөөнөтүн да камтыйт. Эки тарап эгер Дамаск ошол иштерди аткарбаса, БУУнун Коопсуздук кеңешинде резолюция кабыл алдырууга аракеттенүүнү, ал аскерий чарага уруксат бериши мүмкүндүгүн да макулдашышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG