Бийликтер АКШнын бул штатындагы азыркы суу ташкынды “100 жылда бир келүүчү” деп аташты. Суу ташкын шаршемби күнү нөшөрлөгөн жамгырдан кийин башталган. Азыркыга чейин кыян төрт адамдын өмүрүн алганы ырасталды, миңдеген киши үй-жайынан көчүрүлдү, жүздөгөн киши дайынсыз деп эсептелүүдө.
Бийликтер дайынсыз делгендердин айрымдары коопсуз жайларга өз алдынча эле кетип калып, бирок достору жана туугандары менен байланыша албай жаткан болушу мүмкүндүгүн айтышууда.
Куткаруу иштерине Улуттук гвардиянын тик учактары тартылып жатат. Президент Барак Обама Колорадо штатынын суу баскан аймактарында өзгөчө абал жарыялады. (UE)