Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү пара менен кармалды


Өзгөндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлүнө паракорчулук айыбы менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ал камактагы А.Э. аттуу жаранды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга жардам берүү үчүн пара алганы айтылууда. Арыз 11-сентябрда пара талап кылынган жаран тарабынан жазылган.

Прокуратура кызматкерлери райондук Жаза аткаруу кызматынын С.А. аттуу улук инспекторун 4000 сом пара алып жаткан учурда колго түшүргөн. Ал Кылмыш-жаза кодексинин пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча сурак берүүдө.

Иликтөө иштерин Ош облустук жана Өзгөн райондук прокуратуралары жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG