Барак Обама бул тууралуу испан тилиндеги “Телемундо” каналына курган маегинде айтты.
Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани Батыш менен диалогду каалагандай түр көрсөтүп жатканын белгилеген Обама дипломатия үчүн мүмкүнчүлүк бар болгонун кошумчалап, диалог ирандыктар үчүн пайдалуу болоруна үмүт артты.
Мындан саналуу күн мурда Обама Иран президенти Роухани менен кат алмашканын ачыктаган эле. Буга байланыштуу эл аралык медиада АКШ жана Иран президенттери ушул айдын соңунда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында жолугабы деген маалыматтар да айтыла баштаган.
Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ менен Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча ишеним орнотууга даярдыгын айткан. (UE)