Белгияда расмий сапары менен болгон президент Алмазбек Атамбаев Азимжан Аскаровдун маселеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
-Адам укугу деп жатасыңар, албетте андай суроолор да болду. Бүгүн да бул жерде Азмжан Аскаровду сөз кылып жатышат. Мен аларга Азимжан Аскаровдун соту болгон деп айттым. Мисалы, “мен бул жерге келип алып, тигиге туура эмес өкүм чыгарылыптыр” деп айта албайм да. Анткени сот деген сот. Бул ишти сот чечиш керек. Экинчиден, ишти караш үчүн кандайдыр бир далилдер болуш керек да. Азыр андай далилдер жок.
Атамбаевдин Белгияга сапарынын алдында адам укугун коргогон Human Rights Watch эл аралык уюму Брюсселдеги эл аралык уюмдар Аскаров боюнча сот өкүмүн өзгөртүүнү кыргыз президентинен талап кылышы керек деп билдирген.
Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык жаңжалдан кийин кармалып, массалык башаламандык уюштурган, улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 17-19-сентябрда Белгияда иш сапары менен болуп, Брюсселде Евробиримдиктин негизги институттарынын жетекчилери менен жолукту. (AiK/ZB)