Анапада өткөн Латвия, Литва, Эстония жана КМШ өлкөлөрүнүн кинофестивалында кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун “Кумар” тасмасы “Кинодогу жарандык жана эстетикалык күчтүү позициясы үчүн” деп аталган атайын сыйлыкка татыды.
Кыска метраждуу тасмалар арасында дагы бир кыргызстандык режиссер Елизавета Стишованын “Чайка” деп аталган тасмасы баш байгени утуп алды. Ал эми “биргелешип тартылган кинодолбоор” сынагында мекендешибиз Марат Алыкуловдун Франция-нидерланддык кесиптештери менен чогуу тарткан “В.И (Ленин?)” деп аталган тасмасы 300 миң рубл өлчөмүндө сыйлык алды. Бул тууралуу “Киношоктун” расмий сайтында жарыяланды.
Кинофестивалдын баш байгесин казактардын “Чал” деп аталган тасмасы утуп кетти.(ZKo)