Саруу айылында чогулган митингчилердин атынан төрт киши райондун борборуна сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жөнөп кетти. Кабарчыбыздын айтымында, алар өзүлөрү менен кошо пресса өкүлдөрүн да ала кетти. Нааразылык акциясына чогулгандардын өкүлдөрү райондук милицияга барууну көздөп жатат. Эртең менен Саруу айылына чогула баштаган элди тынчытканы барган Жети-Өгүздүн милиция башчысы Калыс Жудеевди митингчилер жулмалап, кол салган болчу. (MK/RK)