Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Британия Иран менен мамилесин жаңыртат


Британ Тышкы иштер министри Уильям Хейг эки өлкөнүн ортосундагы 2011-жылы токтоп калган дипломаттык кызматташууларды жандандыруучу жараян башталганын айтып чыкты. Ал шейшембиде парламентте сүйлөп жатып, Иран Тышкы иштер министри Жавад Зариф менен сүйлөшүүлөрдө алгач эки өлкө тең убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындашына макулдашканын, бул –дипломаттык кызматташтыктын алгачкы кадамы болорун айтты:

- Биздин дипломаттык карым-катыштар 2011-жылы Иран межилиси Британия менен кызматташууну төмөндөтүүгө добуш бергенден тартып бузулган. Азыр эки тарап тең биздин мамлекеттерибиздин карым-катыш тарыхындагы өнүгүү жараяны акырындык менен биргелешкен негизде жүрүүгө тийиш экенин баамдап отурабыз.

Хейг британ-иран мамилеси эки жактын конкреттүү кадамдарынан да көз каранды экенин кошумчалап, Тегеран эл аралык санкциянын жумшартылуусун кааласа, өзөктүк программасы жаатында көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү жасоого тийиштигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG