Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Сарууда эл чогула баштады


Жети-Өгүздүн Саруу айылынын борборунда кайрадан эл чогула баштады. Кабарчыбыздын айтымында, ушу тапта айыл өкмөтүнүн жанында 50дөй киши турат. Соңку эки күндөн бери Каракол менен Сарууда нааразылык акциялары өтүп, бийлик өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу менен коштолгон. Митингчилердин айтымында, алар Кумтөр алтын кенин улутташтырууну жана митинг учурунда кармалгандарды бошотууну талап кылууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG