"Кыргызстан 67 пайызга ээлик кылмайынча Кумтөрдү саясатташтыруу токтобой, радикалдуу күчтөр муну пайдалана берет",- деди "Ата Мекен" фракциясынан депутат, комитет төрагасы Эркин Алымбеков. Ал өкмөттү канадалык ишкананын көзүн карап жатат деп сындады.
Кумтөр маселеси саясатташып кетти деген оюн депутат Өмүрбек Абдырахманов да билдирип, бирок, өкмөттү кетирүүнү аны түзгөндөр айтып жатканын сындады.
Депутаттын пикиринде, өкмөт начар иштесе коалициялык көпчүлүк күнөөлүү, бирок, азыр көчөдөгү оппозициядай кыйкырышпай, 50/50 долбоору алдыга жылбаса, ишкана салыгын 20 пайызга көтөрүү аркылуу маселени чечүү керек.
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кумтөр" ишканасы боюнча түзүлгөн эки тараптуу меморандумду талкуулап жатышат.