Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Сариев: Өкмөт Кумтөр маселесин парламентсиз чече албайт


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Кумтөр меморандуму талкууланып жаткан кезде билдирди. Ал Кумтөрдүн тарыхый чындыгын ордуна коюу үчүн парламент менен өкмөт биргеликте иштөөгө тийиш экенин белгиледи:

- Кумтөр маселесин өкмөт парламентсиз чече албайт. Биз Кумтөр боюнча депутаттардын сунуштарын, анын ичинде казылган алтынды бөлүүнү кароого даярбыз. Эгер биз бүгүн Кумтөрдү туура чечсек, экономикада өсүш болот. Кумтөрдүн кирешеси бүгүн жогору, эртең аз болушу мүмкүн. Анткени башка тармактар өсөт. Бүгүнкү биздин чечимибиз эртеңки Кыргызстандын экономикалык жактан өсүүсүнө түрткү болот, - деди Сариев.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев болсо меморандум акыркы документ эмес экенин эскертти. Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча меморандум экинчи күн катары менен талкууланып жатат. (ST/RK)

XS
SM
MD
LG