Өзбекстан өз территориясында тажикстандык поезддин темир жолдон чыгып кеткени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганы маалымдалды. Тажикстандын транспорт министри Курбонхон Саидовдун “Азаттыкка” айтышынча, биргелешкен тажик-өзбек комиссиясынын иликтөөсү поезддин аварияга учурашына өзбек бийликтеринин темир жолдо ремонт жүрүп жатканын алдын ала эскертпегени негиз болгон.
Дүйшөмбү шаарынан армияга жаңы чакырылган 200 жигитти Тажикстандын түндүгүндөгү Согди облусуна алып бараткан поезд бейшемби күнү Жызак облусунда аварияга кабылып, ондогон азаматтар жарадар болгон. 20 жоокер али ооруканада жатат.
Маалыматка караганда, өзбек тарап кырсыкка жана жоокерлерди дарылоого байланыштуу бардык чыгымдарды төлөп берет.