Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

"Атажуртчуларды" актаган судьялар жумуштан бошотулду


"Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы - Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоду. Мындай жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрда кол койгон.

Буга чейин Соттор кеңеши аларды мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарган.

Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актаган.

Жогорку Сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG