Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

ЕККУ төрагасы Кыргызстанга келет


Бүгүн Бишкекке ЕККУнун учурдагы төрагасы, Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара жумушчу сапар Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Леонид Кожара сапар жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугат. Анда Кыргызстандын бул эл аралык уюм менен алакасы, өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал, 2015-жылы өтчү парламенттик жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого даярдыктар, Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери талкууланмакчы. Кыргызстан менен Украина ортосундагы кызматташтык тууралуу да сүйлөшүүлөр өтмөкчү.

Украина быйыл жыл башынан бери ЕККУга төрагалык кылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG