Мындай билдирүүнү бүгүн президенттик аппараттан таратышты. Билдирүүдө Аскер сотунун судьясы Муратбек Асановдун мурда сот жообуна тартылганы тууралуу маалыматтын жашырылганы тиешелүү кызматкерлердин жоопкерсиздиги жана шалаакылыгына себеп болгону айтылат. Бул факт Сотторду тандоо кеңешинин судьялык кызматка талапкерлер берген маалыматты текшерүү системасынын жоктугунан кабар берери да белгиленген.
“Аталган талапкер конкурстук тандоодон өтүп жатканда материалдарды изилдөө милдети тапшырылган. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин айрым мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кеңеш өз отурумунда өзү аныктоого тийиш”,- деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Коомдук иликтөөлөр институту мурда соттолгон Муратбек Асанов Аскер сотунун судьясы болуп иштеп жатканын билдирген. Институттун маалыматында, Асанов уурулук жана бейбаштык беренелери боюнча эки ирет соттолгон. Ал эми быйыл жазында Аскер сотунун судьялыгына шайланган.(BkA)