Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Кыргызстанда беш миңге жакын баланын документи жок


Соңку тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын аймагында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 4 733 бала аныкталды. Алардын көбү ата-энесинин паспорту же нике кагазы жоктугуна байланыштуу документи жок жашап жүрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Документи жок балдардын 566сына учурда күбөлүк даярдалды. Калганына ата-энелер тийиштүү кагаздарды топтогондон соң берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG