Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Волгоград: жардырууну жан кечти жасаганы айтылууда


Орусиянын Волгоград шаарында болгон жардырууну жан кечти ишке ашырганы маалымдалды. Жүргүнчү ташыган автобустагы жарылуудан кеминде 5 киши мерт кетти, 22 чактысы жараланды. Жергиликтүү коопсуздук органдарынын өкүлү Валерий Сафоновдун айтымында, жарылуу болгон жерде жакында ислам динин кабыл алган аялга таандык документтер табылды.

Ал ошондой эле белгилүү исламачыл согушкердин жубайы болчу. Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Владимир Маркин кол салууга байланыштуу теракт, адам өлтүрүү жана мыйзамсыз курал-жарак аткезчилиги боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, автобуста ошол учурда 40ка жакын киши бараткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким алган жок.

XS
SM
MD
LG