Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

КСДП жалган маалымат тараткандарды жоопко тартууга макул болду


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы бүгүн маалымат каражаттары аркылуу атайлап жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракция өкүлү, депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, жалган маалымат тараткан үчүн жаза күчөтүлүп, 329-берене боюнча кылмыш иши козголот. Айыпталуучу коомчулук алдында кечирим сурап, бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазалат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Галина Скрипкинанын белгилешинче, жалган, такталбаган маалыматтар жогорку кызматтагы адамдарга, бийлик институттарына болгон элдин ишенимин жоготуп, эл алдында кадыр-баркын түшүрүп, социалдык чыңалууга түрткү болууда. Мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин талкуусуна жөнөтүлдү.

Медиа эксперттер бул Конституцияга каршы келерин билдирип чыгышты. Алар бул мыйзам долбоордун артынан сөз эркиндигине кысым башталат деп тынчсызданууда.

Кылмыш кодексинен “ушактоо”, “мазактоо” беренелери 2011-жылы алып салынган. Ага ылайык, ушак айтканы же мазактаганы аныкталган адам жарандык же административдик кодекстин негизинде укук бузуучу катары сыпатталып, айып пулга гана жыгылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG