Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Ооган күчтөрү: үмүт жана кооптонуу


Ооган армиясынын жоокерлери Батикот районундагы операция кезде үйдү тинтишүүдө. Нангархар провинциясы. 17-сентябрь, 2013
Ооган армиясынын жоокерлери Батикот районундагы операция кезде үйдү тинтишүүдө. Нангархар провинциясы. 17-сентябрь, 2013

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү быйыл өлкө бейкуттугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, талибдерге каршы өз алдынча согуша баштады.

Бирок Ооган армиясы менен полициясынын жоготуулары 2014-жылдын аягына көпчүлүк чет жерлик аскерлер чыгып кеткенден кийин өлкө коопсуздугу кандай камсыздалат деген суроону жаратууда.

Ооганстанда согуштук сезон апрелде башталып, ноябрда аяктайт. Ички иштер министрлигинин 29-октябрда маалымдашынча, быйылкы казатта Ооганстандын улуттук жана жергиликтүү полициясы 2052 адамынан ажырап, 5 миңден ашуун мүчөсү жарадар болгон. 2012-жылы 1800дөй полициячы катардан чыккан эле. Сегиз айда талибдер бардыгы болуп 6604 жолу чабуул жасаган, 50 ирет жанкечтилик кылган, 1704 жолу полицияга түздөн-түз кол салынган. Бул өткөн жылдагыдан бир кыйла көп. Ооган полициясы талибдер үстөмдүк кылган өлкө түштүгү менен чыгышында чоң жоготууларга учураган.

Ооган улуттук армиясындагы жоокер аялдар ант берүү салтанатында. Кабылдагы аскердик машыгуу борбору. 8-октябрь 2013.
Ооган улуттук армиясындагы жоокер аялдар ант берүү салтанатында. Кабылдагы аскердик машыгуу борбору. 8-октябрь 2013.
Коопсуздук күчтөрүндөгү моралдык духту түшүрбөө максатында Ооган жетекчилиги Улуттук армиянын катарындагы жоготууларды жарыялаган жок. Бирок НАТОнун көп улуттуу күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Марк Милли сентябрда билдиргенге караганда, Ооган армиясы ар айда 50дөн 100гө чейин жоокерин жоготот. Бул көрсөткүч АКШ армиясынын Вьетнам согушундагы жоготуусуна барабар.

Ооган өкмөтүнүн маалымдашынча, 2012-жылы 2970 полициячы жана жоокер апаат кеткен. Белгисиз калууну каалаган ырасмий адамдын айтышынча, улуттук армия үчүн өткөн согуштук сезон 2001-жылдан берки эң кандуусу болду. Мунун өзү жана Ооган армиясы менен полициясын таштап качуулар, күч кызматтарында ыктыярдуу барып кызмат өтөгөндү каалагандардын аз экени, курал-жарактардын сапаты, жакшы жабдылган окуу базаларынын жоктугу жана моралдык духтун төмөндүгү –алардын жөндөмү тууралуу суроо жаратат.

Вашингтондук серепчи Дэвид Юнгдун айтымында, коопсуздук күчтөрүнүн катарындагы чоң жоготуулар Ооган армиясы үчүн өтө олуттуу коркунуч туудурат:

- Катардан чыккандар менен жарадарларды эске алганда, Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жыл сайын курамынын үчтөн бирин толуктап турушу керек болчу. Азыр ачыктан-ачык моралдык проблемалардан улам көп жоготууларга учуроодо. Мындай акыркы жоготуулардын коркунучу жоготуулардын өзүнө караганда алда канча чоң.

Талибдер да быйылкы сезондо бийик даражалуу чиновниктерди өлтүрүү, чет элдик аскерлердин базаларына чабуул жасоо жана Улуттук коопсуздук күчтөрдүн эркин майтаруу боюнча өз алдында койгон максатына жетпеди.

Октябрда Логар провинциясынын губернатору Арсала Жамалдынын айтымында, мечиттеги өлтүрүүнү эсептебегенде, негизинен райондук деңгээлдеги чиновниктер менен даражасы пас полициячыларга кол салынды. 2012-жылы талибдер жалдаган аскерлер менен полициячылар 60 адамды мерт кылса, быйыл он айда андай 15 өлүм болду. Согушчандардын Кабылда жана башка чоң шаарларда көргөзмө болчу чабуулдарды уюштурабыз деген сөзү да аткарылбады.

Ооган армиясы. Нангахар провициясы, 2013-жыл
Ооган армиясы. Нангахар провициясы, 2013-жыл
Райан Эванс Вашингтондогу Улуттук кызыкчылык институтунун орун басар директору. Институт мамлекеттик саясатты изилдейт жана эч бир партияга карабайт. Эванстын сөзүнө караганда, азыр Ооганстандын коопсуздук күчтөрү талибдерге караштуу аймактарда согушчандарга каршы тазалоо операцияларын өткөрүп жүрөт. 2014-жылы чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгып кеткен соң элдүү аймактарга чогулуп, шаарларды коргоо тилкесин түзө баштайт. “Бул Ооганстанда биз акыркы отуз жылда көрүп жүргөн көрүнүш",-дейт Райан Эванс.

- Советтер армиясы чыгып кеткенден кийин Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрү шаарлардын борборуна кайтып келишкен. Алар акыркы жылдары да америкалыктар чыгып кетет деп ушундай кылышты: райондор менен провинциялардын борборун тегерете “болот коргон” түзүштү. Эми бул коргонду куруу дагы тездейт деп ойлойм.

Эванс мындай жагдайды Ооган армиясынын күжүрмөн даярдыгы жана тышкы аскерий каржылоонун азайуусу менен түшүндүрөт. Анын натыйжасында, 2015-жылы Ооган коопсуздук күчтөрүнүн саны азыркы 352 миңден 230 миңге түшөт. А тышкы жардам ушу тапта 7 миллиард доллар болсо, бир жылдан кийин 4 миллиард доллар чамалуу болуп калат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG