Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция калкты тейлөөнүн сапатын начарлатып, жалпы эле медицинанын өнүгүүсүнө жолтоо болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеваны кабыл алган президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал министрди коррупцияны жоюуга болгон аракетти жумшаш керектигин айтты. Жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы абал талкууланды. Негизги проблемалар катары медициналык жабдуунун эскилиги, мыкты доктурлардын жетишсиздиги, айрыкча алыскы аймактарда бул көйгөй күч болуп жатканы айтылды. Парламенттин соңку отурумунда айрым депутаттар саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр боюнча маселе бир нече айдан бери күн тартибине киргизилбей жатканын билдирип, төрагага нааразылыгын айткан болчу. Төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт азырынча бул маселеге даяр болбой жатканын, жакынкы арада күн тартибине кирээрин айткан. (RK)