Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Айткулов реанимациядан чыкты


Кечээ кечинде денесинен оор жараат алып ооруканага түшкөн адвокат Икрамидин Айткулов реанимациядан палатага которулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын иниси Хансар Айткулов маалымдады. Анын айтымында, жактоочунун абалы азыр туруктуу.

Айткуловду 13-ноябрда кечки саат ондор чамасында үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, буту сынганын билдиришти. Айткулов бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары белгилүү. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG