Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Орусияда 28 600 кыргызстандык кара тизмеге түштү


Кыргызстандык 28 600 жаран Орусиянын кара тизмесине алынып, аталган өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынганын бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Москвадагы кыргыз диаспораларынын башчылары менен жолуккан учурда билдирди. Маалымат Орусиянын федералдык миграция кызматы тарабынан өкмөт башчыга сунушталган.

19-ноябрдан тарта кара тизме боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү аралык түзүлгөн комиссиялык топ иш баштайт. Аталган топ жарандар кара тизмеге эмне себептен кирип калганын иликтемекчи.

Эки айдай убакыттан бери Орусияда мигранттарга карата чаралар күчөтүлдү. Ондогон кыргызстандыктар, ал жака кире албай, аэропорт же темир жол бекетинен артка кайтып жаткан учурлар болууда. (SE\ZKo)

XS
SM
MD
LG