Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:07

Ош мэриясы өткөргөн тендер боюнча кылмыш иши козголду


Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканага кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдиргендей, аталган ишкана быйыл май айында административдик имарат сатып алуу боюнча жасалма тендер өткөргөн:

- Аталган тендерге мэрия 5 жарым миллион сом бөлгөнү белгилүү болду. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду,- деди Сулайманов.

Тергөө амалдары уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG