Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Түрмөдөгү 300 адам ачкачылык акциясын токтотту


Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык жарыялаган 300 адам акцияны токтотту. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, абактагы 800 адам бүгүн ачкачылык жарыялаган. Абак жетекчилигинин маалыматында, ачкачылык жарыялагандар Ысык-Ата районундагы №50 тергөө абагында камакта отурган Лимонти деген каймана ат менен белгилүү уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү Алмаз Сулаймановду өздөрү отурган тергөө абагына которуу талабын коюшкан. Учурда абак жетекчилиги ачкачылык жарыялагандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG