Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

"Кара тизмени" үйдөн эле текшерсе болот


Эми Орусияга барууну каалаган кыргызстандыктар өзүнүн же жакындарынын «кара тизмеге» кирген-кирбегенин үйдөн чыкпай туруп эле интернет аркылуу текшере алат. Буга кыргыз тарап бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин гана жетишти. Бул боюнча Кыргыз президентинин алдындагы миграция саясатын аныктоо боюнча жумушчу топтун төрайымы Айгүл Рыскулованы сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Орусия миграция саясатын катаалдантканына байланыштуу кыргыз бийлиги кыргызстандык мигранттарды коргоо боюнча кандай аракеттерди көрүп жатат?

Айгүл Рыскулова: Орусия мыйзамдарын татаалдаштырып, көп нерсеге бөгөт коюп жатат. Ошого Кыргызстан даяр болушу керек. Эң биринчиден, Кыргызстандан чыга электе биз өз жараныбызга маалымат беришибиз керек. Биринчиси - “кара тизме”. Ага кирген-кирбегенин жарандарыбыз алдын-ала, үйүнөн чыкпай туруп билүүсү тийиш. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Федералдык миграция кызматынын сайты аркылуу маалымат алууга жетиштик.

Экинчиден, “миграцияга чейинки даярдык” деген түшүнүк бар, ага ылайык биздин сыртка чыгууну каалаган жарандарыбыз кайсы мамлекетке барат, тил билеби, эмне жумуш кылат, кесиби барбы-жокпу, бара турган өлкөнүн мыйзамдары менен таанышпы - ушунун баары тууралуу маалымат алуусу керек. Ушундай маалымат берүүчү борборлорду ачуу керек. Аны болсо Кыргызстан жалгыз эмес, Орусиянын жумуш берүүчүлөрү менен бирге ачууга тийиш.

“Азаттык”: Ага орус тарап макул болобу?

Рыскулова: Макул болушу керек. Анткени кандай жумушчулар, кандай кесиптеги квалификациялуу адистер керектигин алар билишет. Алардын кызыкчылыгы да болууга тийиш. Эгер Кыргызстандан өзүнө зарыл болгон жумушчуларды алып кетем десе, өздөрү акча береби, окуу программаларын алып келеби, айтор бизге жардам бериши керек. Кыргызстанда 115 кесиптик-техникалык окуу жай бар. Алар үч жыл окутушат. Эмне кереги бар үч жыл окутуп, ошол окуу мөөнөтүн үч ай, алты айга кыскартып, зарыл болгон кесиптерге окутуп, үйрөтүп чыгаруу мезгилдин талабы болуп отурат.

“Азаттык”: Жаңы жылдан тарта Орусияга иштегени келген мигранттар милдеттүү түрдө орус тилин билүү деңгээлин текшерүүчү сынактан өткөрүлөт. Бул дагы биздин мигранттар үчүн кыйынчылыкты жаратары шексиз...

Рыскулова: Туура, жаңы жылдан тарта ар бир кыргыз орус тилин билүү деңгээли боюнча атайын тест тапшырат. Алар дагы Орусияга келип алып, анан тест тапшырат. Эгер өтпөй калса, кайра мекенине кайтып кетиши керек. Ошону биз айтып атабыз, тестти Кыргызстандан чыкпай туруп жүргүзүүгө жетишүүгө аракеттенип жатабыз.

Мына, бизде Орусиянын бир нече билим берүүчү мекемелери бар, маданий борбору турат. Орусиянын билим берүү системасы, миграция кызматы менен чогуу сүйлөшүп, тестирлөөнү Кыргызстанда өткөрүүгө эмнеге болбосун. Эгер орус тилин талапка ылайык билбейсиңби, демек ал жакка барбай, үйүңдө отур дегендей болушу зарыл. Келип, жумушка орношордун алдында гана тил билүү деңгээлинен өтпөй калып, кайра мекенине кайтуу биринчиден чыгым, экинчиден моралдык жактан да адамды кыйноо.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG