Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Майыптардын укугун коргоо боюнча парламенттик көзөмөл күчөйт


Кыргызстанда майыптардын укугун коргоо жаатында парламенттик көзөмөл күчөтүлөт. Бүгүн Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом кабыл алып, бул ишти акыйкатчыга тапшырды. Токтомдун демилгечиси, депутат Дастан Бекешов мамлекет майыптардын көйгөйүн чече албай жатканын айтты. Анын билдиришинче, мамлекеттик органдар майыптарга пенсия жана жөлөкпул берилип жатканын жүйөө кармап гана тим болууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 159 миң майып жашайт. Алар ай сайын мамлекеттен алган жардам 1-3 миң сомду түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG