Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Атамбаев: Мыйзам жана тартип так сакталышы керек


Баардык тиешелүү мекемелер өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана тартипти сактоодо өз милдетин так аткаруусу керек. Мындай талап бүгүн мамлекет башчы күч түзүмдөрүнүн башчылары менен өткөргөн жыйында коюлду. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, тартип коргоо жана коопсуздук структураларынын жетекчилери Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат беришти. 2-декабрда Ошто коррупцияга шектелип кармалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери митинг өткөрүп, анын бошотулушун талап кылган. Бул талабы аткарылбаса үч күндөн кийин кайрадан нааразылык акцияларын өткөрөөрүн айткан. Коюлган мөөнөт бүгүн аяктады, бирок азырынча Оштун борбордук аянтында эч кандай митинг жок. 2-декабрдагы митинг учурунда Келдибековдун тарапкерлери акимчиликти басып алууга эки жолу аракет жасаган деген айып менен милиция кылмыш иш козгогон. Ал эми акциянын уюштуруучуларынын "Азаттыкка" айтымында, андай аракет болгон эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG