Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Европарламенттин миссиясы Киевге кайтышы мүмкүн


Европарламенттин президенти Мартин Шулц өкмөт менен оппозицияны элдештирүү үчүн парламенттик миссиянын мөөнөтүн узартууга даяр экендигин бышыктады.

Демонстрациялар уланып жаткан Киевде бүгүн ЕККУнун жыйыны өттү. Жыйында Батыш дипломаттары өкмөттү демонстранттардын укугун сыйлоого чакырды.

Киевде миңдеген демонстранттар бүгүн да өкмөттүк имараттарга мамлекеттик кызматкерлерди киргизишкен жок.

Украина Европа биримдиги менен кызматташуу келишимине кол койбой калгандан кийин демонстранттар өлкө башчысынын кызматтан кетүүсүн жана чукул шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG