Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Мырзакматов: Отставкам күтүүсүз тараптан болду


"Отставкам мен үчүн күтүүсүз болгон жок, бирок күтүүсүз тараптан болду", - деди бүгүн "Азаттыкка" Ош мэринин милдетин аткаруудан кечээ четтетилген Мелис Мырзакматов. Ал кечээ өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолукканда болгон сөз тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Өзүнүн чечимин айтты. Мен түшүнүү менен кабыл алдым. Бирок милдетин аткаруучуну кайра эле милдетин аткаруучуга алмаштырууда эч кандай логика жок. Оштогу митингде мен Келдибековдун бошотулушун талап кылып чыкканым жок. Анын тарапкерлерин колдоп чыктым. Менин айтканымды бурмалап, Бакиев менен түшкөн сүрөтүмдү теледен жарыялап, мени жаман көрсөткүсү келип жатышат, - деди Мырзакматов.

Алдыдагы мэр шайлоого катышуу тууралуу ал:

- Менин андай укугумду эч ким алып салган жок. Бирок балээнин баары ушунда болуп жатат - утуп кетпешим үчүн баягы эле интригалар, - деди.

5-декабрда премьер-министр өзүнүн буйругу менен Оштун мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовду иштен алып, анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу кылып Алимжан Байгазаковду дайындады. Ал буйрукта: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзам боюнча өкмөт башчы жаңы мэр шайланганча мэрдин милдетин аткаруучуну дайындоого укуктуу" деп айтылат. (JAk/RK)

XS
SM
MD
LG