Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Армения-Түркия актерлору кол алышуу боюнча рекорд койду


Армениялык жана түркиялык эки актер эң узак кол алышуу боюнча рекорд коюшту. Бейөкмөт уюму Тбилисиде уюштурган иш-чарада Оганес Ажинян менен Дениз Барыш бири-биринин колун 43 саат бою, 6-декабрдан 8-декабрга чейин кысып турушту. Тасмага тартылган бул иш-чара Гиннесстин рекорддор китебине жөнөтүлмөкчү. Актерлор эки өлкөнүн илгертеден келаткан талаш-тартыштары эки элдин баарлашуусуна жолтоо боло албайт деген ишара жасагысы келгенин айтышат. Армения Түркия Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда 1 жарым миллиондой армяндын кырылышы үчүн жооптуу деп, аны геноцид деп атап жүрөт. Анкара тукум курут жөнүндөгү дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG