Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Кийиз көйнөктөр көргөзмөсү өттү


Бишкекте кийизден жасалган саркеч кийимдердин кезектеги көргөзмөсү өттү. Анда жаш дизайнер Нургүл Артыкбаеванын колго жасалган көйнөк, жакет, пальтолору көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды. Нургүл Артыкбаеванын “Азаттыкка” айтымында, жаңы коллекция чет элдик коноктордун жана жергиликтүү айымдардын кызыгуусун жаратты. Жыйынтыгында улуттук зергер буюмдарды чыгарган “Келдике” фирмасы менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

- Адатта кийиз десе калдайган катуу пальтолорду элестетишет. Мен жүндүн өзгөчө түрүн сатып алып, аны иштеп чыгып, үлбүрөгөн жука, жумшак кылып, көйнөктөрдү, чапан, чыптамаларды тигем. Бир да тигиши жок, атайын ыкма менен жасалган бул кийимдерди жумушка, конокко кийсе болот, - дейт Артыкбаева.

Дизайнер айым кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен 7-8 жылдан бери алектенип келатат. Франция, Англия жана башка өлкөлөрдө туруктуу кардарлары бар экенин айтууда. Негизинен жибек менен эң жогорку сапаттагы кийизден айкалыштырып жасалган сырт кийимдер, түрдүү аксессуар, буюмдарды өзүнүн чакан студиясында жасайт. Артыкбаева өзү журналисттик кесиптин ээси. Эмгектери айтылуу Третьяков галереясына чейин жеткен сүрөтчү мекендешибиздин кызы. Өзү Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайынын бүтүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG