АКШнын Анкарадагы элчилигинин маалымат кызматы билдиргендей, Вашингтон Сириянын түндүгүндөгү оппозицияга куралдан башка жардам берүүнү толугу менен токтотту. Бул тууралуу Сирияда Исламчыл күчтөр Батыш колдогон Эркин Сирия армиясына каршы чабуулга өткөндөн кийин жарыяланды. Өткөн аптада түзүлгөн Исламдык майдан Эркин Сирия армиясынын командалыгын тааныбай тургандыгын жарыялаган эле. Козголоңчулардын өз ара чатагы Сириянын өкмөттүк күчтөрү чабуулга өткөн мезгилге туура келүүдө.