Йемендин атайын кызматтарынын маалыматына караганда, Санаа шаарында белгисиз адамдар жапон дипломатын уурдоо максатында кол салышкан. Жапон элчилиги болсо дипломатиялык өкүлчүлүктүн экинчи катчысына беш жолу бычак сайылганын билдирет.
Йеменде чет элдиктерди уурдоо фактылары көп кездешет. Исламчыл согушкерлер менен жергиликтүү уруулардын мүчөлөрү мындай жол аркылуу бийликтер менен түрмөлөрдө жаткан өз мүчөлөрүн чыгарып берүүнү соодалашат.