Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Орусияда дагы бир кыргыз кызы сабалды


Интернетте Орусияда келтектелген кыргыз кызы тууралуу жаңы тасма пайда болду. 16-декабрда социалдык тармактарга чыккан бул тасмада Айнагүл аттуу кызды "башка улуттун өкүлү менен жүрдү" деп кыргыз жигиттери көчөдө ур-токмокко алган. Окуя Москвада болгон, бирок тасма качан тартылганы белгисиз. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча иликтөө башталганын "Азаттыкка" билдирди.

“Патриот” кыймылынын мүчөлөрүбүз деген жигиттер тобуна кордолгон кыздар тууралуу тасмалар 2012-жылы да интернетке жайылган. Алардын арасынан Сапаргүл деген айым “Азаттыкка” маек куруп да берген болчу.

Орусиядагы кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнү үчүн келтектеген “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тарабынан издөө жарыяланып, айрымдары колго да түшкөнү да кабарланган. Бирок алардын соттолгон же соттолбогону тууралуу маалымат жок. (SE)

XS
SM
MD
LG