Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:37

Келдибековдун камалышынын мыйзамдуулугу иликтенет


Жогорку Кеңеште депутат Акматбек Келдибековдун камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген комиссия түзүлдү. Бул сунушту депутаттардын 69у колдоду. Комиссияга ар бир фракциядан бирден өкүл кирди. Алар: "Ата-Мекенден" Туратбек Мадылбеков, "Ата-Журттан" Надира Нарматова, "Ар-намыстан" Бактыгул Маматов, "Республикадан" Абдыжапар Бекматов. Ал эми КСДП фракциясы кийинчерек сунуштарын билдирди.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип өткөн айда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Депутаттын жактоочулары ал негизсиз камалганын, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү бир жактуу болуп жатканын айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG