Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Түркияда бир нече полиция жетекчиси кызматтан кетти


Түркияда полициянын беш шефи паракорлук боюнча иликтөөгө байланыштуу жумуштан кетишти. Кечээ параколук боюнча шектелип ондогон мамлекеттик кызматкер камакка алынган, анын ичинде министрлердин балдары да бар.

Өкмөт тергөө иштерине эч ким кийлигишпегенин баса белгилөөдө. Полициянын расмий маалыматы боюнча айрымдар кызматын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн башка жумуштарга которулган.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары акыркы камоолорду жана кызматтан кетирүүлөрдү түрк премьери Режеп Тайып Эрдогандын жана анын мурдагы союздашы, таасирдүү мусулман диниятчысы Фетхуллах Гүлендин ортосундагы пикир келишпестиктерге байланыштырууда. Жергиликтүү ММКлардын жазышынча, Гүлендин тарапкерлери мамлекеттик жогорку кызматта отурушат. (AiK).

XS
SM
MD
LG