Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Күч түзүмүнүн өкүлдөрү Баткенге жөнөп кетти


Кырдаал менен жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү максатында вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган топ Баткенге жөнөп кетти. Топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Чек ара, Ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү бар. Бишкектен барган өкмөт өкүлдөрү бүгүн Самаркандек, Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугуп, алардын талабын угушат. Тажикстан тарап менен сүйлөшүүнү улантат. Мамытовдун “Азаттыкка” айтымында, азырынча жол ачык. Машиналар өтүп атат.

“Азаттыктын” кабарчысы Жеңиш Айдаров Ак-Сай айылындагы чек арадагы тирештен соң жабылган жол ачыла электигин, учурда ал жерде 50дөй тургун топтолуп турганын билдирди. Анын айтымында, түнү бою Кыргызстан тараптан 50 чакты адам чек арадагы жолду кайтарды. Учурда Тажикстан тараптан үч оорулууну, Кыргызстандан дагы үчөөнү өткөрүү сүйлөшүлүп жатат.

Жол тоскондор 17-декабрда чайканага өрт койгондорду жоопко тартууну талап кылышууда. Алар айылдагы чайкананы коңшу Тажикстандын жарандары өрттөп кетти деп шектенип жатышат. Мындан улам кечээ Ак-Сай айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда тиреш чыгып, натыйжада эки тараптан тең жол жабылган.

Айылдагы абалды жөнгө салуу үчүн Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрү эки ирет сүйлөшүү өткөрүп, бирок жыйынтык чыкпады. Учурда айылда абал тынч. Бүгүн Токон Мамытов менен Тажикстандын вице-премьер-министринин жолугушуусу күтүлүүдө.(КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG